super.kg logo

Ошко Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттери практикадан өтүү үчүн келишти

 

Ош шаарына Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин 21 студенти практикадан өтүү үчүн келишти. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда "Сулайман-Тоо" тарыхый, археологиялык музей-комплексинин жетекчиси Абдраим Тургунбаев билдирди.

Анын айтымында, студенттер 5 күн Ош шаарында болушуп, «Кыргыз реставрация» илимий-изилдөө институтунун жетекчилиги менен орто кылымдагы мончонун айланасында тазалоо иштерин жасашты. Ал мончо X-XII кылымдарга таандык. Болочок архитекторлор бул археологиялык эстеликти изилдешүүдө.

Алардын жетекчиси Жумамедил Иманкулов эстеликтердин жана тарыхый-маданий мурастын баалуулугун айтып берди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: