super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку балл алган 53 бүтүрүүчүгө алтын сертификаттарды тапшырды

 

Бүгүн, 27-июнда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен 53 бүтүрүүчүгө алтын сертификаттарды тапшырды.

Мындан тышкары өлкө башчысы аймактардагы мектептерди аяктаган 14 бүтүрүүчүнү Ардак грамоталар менен сыйлады. Ал эми бардык окуучуларга ноутбук жана 10 миң сомдук стипендия ыйгарылды.

Президенттин айтымында, адилеттүү, ийгиликтүү мамлекетти куруш үчүн элге биримдик керек. “Жашоодо күнүгө майрам болбойт. Кыйынчылыктар болот, бирок эч качан сынбагыла. Мен эки жолу премьер-министр болгом, депутат болуп шайлангам, камакта да отургам. Бүгүн мен президентмин. Ким жашоодо сынбаса, ошол ийгиликке жетет. 

Жамандыкка барбагыла. Жамандыкка барсаңар, өзүңөр же туугандарыңар жооп берет. Аман болгула. Кыргызстандын келечеги жаштардын колунда",- деп кайрылды бүтүрүүчүлөргө Атамбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: