Социалдык өнүктүрүү министри пенсионерлер жана аз камсыз болгон жарандар менен жолугушту
КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев Биринчи Май районунда социалдык жактан камсыздандырылган жарандар менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда аталган министрликтен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, министр жолугушуунун жүрүшүндө кары-картаңдар, аз камсыз болгондор жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жарым жылда аткарылган жана жыл аягына чейин аткарыла турган иштер боюнча маалымат берди. Анын ичинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү
жөлөк пулдун суммасын арттыруу боюнча планы менен бөлүштү.
Андан тышкары ал чогулган элдин суроолоруна жооп кайтарды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.