super.kg logo
  Спорт  

Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу: Тайпалык баскычта утуп чыккан 16 команда

 
Бразилия. "А" тайпасынан биринчи болуп чыкты. Кийинки атаандашы Чили болот.
Мексика. "А" тайпасынан 2-орунду ээлеп чыкты. Голландия менен беттешет.
Голландия. "Учуучу голландиялыктар" деп бекеринен айтылбаса керек. Бул жолу да Голландия көпчүлүктү таң калтырууда.
Чили. Испанияны уткан Чили эми Бразилияга татыктуу атаандаш болуп берерине ишенгендер көп.
Колумбия. Ар бир гол кирген сайын Шакиранын жердештери болгон футболчулар бийлеп жатышат. Ал эми алардын бийин алдыда көрүүнү каалагандар аз эмес.
Греция. Бул командага эч ким так аныктама бере албайт, чынында. Тайпадан чыгарына үмүт артпагандар оозун жабууга аргасыз болушту.
Коста-Рика. Италия менен Англия үйүнө айдаган команда эми Греция менен тирешет.
Уругвай. Чуу коштогон команда десек болот. Кийинки атаандашы Колумбия менен болгон оюнда дареметин көрөбүз.
Франция. Зидан сыяктуу лидер жок болсо да, Франция бул мелдештин мыкты командаларынын катарын толуктайт.
Швейцария. Анык европалык футболдун үлгүсүн көргөзгөн футболчулар.
Аргентина. Бул команданы каймана түрдө Месси деп да атаса болот. Анткени команданын дээрлик бардык голдорун ушул футболчу киргизүүдө.
Нигерия. Африканын намысын коргоого жарай турган 2 команданын бири.
Германия. Мелдеште жарым коргоочулардын саны жана сапаты боюнча алдына ат салдырбаган команда.
АКШ. Бул курам Германияга каршы татыктуу оюн көрсөттү.
Бельгия. Жаш футболчулардан турган бул курамдын ийгилигине ишеним арткандар көп.
Алжир. Орусияны плей-оффтук жолдомодон куру калтырган африкалык команда.

Бул жолку футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу көп кызыктарга бай болууда. Ири эсептер, күтүлбөгөн жыйынтыктар жана европалык футбол державаларынын мелдештен "учуп кетиши" анын өзгөчөлүгүнөн кабар берсе керек. Кыскасы, "футбол карнавалы" деген тамашалуу аталышты алып жүргөн биринчилик күйөрмандардын толук купулуна толуп жатат.

27-июнга караган түнү болгон оюндардын жыйынтыгында тайпалык баскыч жыйынтыкталып, мелдештин кийинки баскычына чыккан (1/8 финал) 16 команда белгилүү болду. Ушул баскычтан баштап мелдеш чоң “согуш майданына” айланат. Анткени утулган ар бир команда мелдештен “ыргып” кетет. Ошондой эле 1/8 финалдан тартып футболчулардын киргизген голдору кымбатка бааланып, командалар анык жеңиштин даамын же жеңилүү ызасын татышат.

Бул тепкичтеги утулуу коркунучун эске алып, көптөгөн күйөрмандар атаандаш командага сүр көрсөтүү максатында “Тозокко кош келдиңиз!” деген чакырыкты колдоно башташат. Биз 16 команданы тайпадагы жеңиштери менен куттуктап, марада күлүктү тосуп чыккан саяпкердей кубанычтуу тосуп алмакчыбыз...  

                                        Мелдеш жадыбалы менен таанышып алыңыз 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
27.06.2014. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми кызыктын баары башталат.
27.06.2014. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неймар алга бразиля чемпиен болот
27.06.2014. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
франсия же голландия чемпион буйурса
28.06.2014. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ulukbek,
Franciany 1/4 chetvert'finalda Germaniya utup, Germaniya 1/2 polufinalga chygat
28.06.2014. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бразиоя чемпион
28.06.2014. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коста рика финалда
28.06.2014. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Final: Holland - Deutschland
Deutschland utup chempion bolot!!!
28.06.2014. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бразилия-чемпион!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: