super.kg logo
  Саясат  

Парламенттер аралык ассамблеянын туруктуу комиссиясы Кыргызстандагы экология маселелерин карады

 

Бишкекте 26-июнда ЕврАзЭШтин Парламенттер аралык ассамблеясынын Агрардык өнөр жай саясаты, жаратылышты пайдалануу жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын жыйыны болду.

Анда ЕврАзЭШке мүчө өлкөлөрдүн, анын ичинде Беларусь, Казакстан, Тажикстан жана Орусиянын парламентчилери экологиялык коопсуздук жаатындагы ЕврАзЭШке мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча сунуштамалар долбоору каралды.

Аталган комиссиянын мүчөсү, депутат Эсенгул Исаков каралып жаткан мыйзам долбоорлорунун зарылдыгына токтолду.

Жыйындын катышуучулары экологиялык маселелерди чечүү үчүн жагымдуу мыйзам базасын түзүү жаатында Кыргыз Республикасынын алдыңкы көз караштарын баса белгилешти. КМШ өлкөлөрүнүн депутаттары Жогорку Кеңеш тарабынан “Кыргыз Республикасынын аймагына курамында гендик-модификацияланган организмдер бар продукцияларды өстүрүүгө, өндүрүүгө, ташып келүүгө жана сатууга тыюу салуу жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынышын мисалга тартты”,- дейт Исаков.

Жыйында химиялык коркунучтуу объектилер жайгашкан аймактарда химиялык коопсуздукту санитардык-эпидемиологиялык жактан камсыздоо боюнча жана бир катар сунуштамалар кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: