Бишкекте “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери жаңы жетекчисине каршы митингге чыгышты
Бүгүн, 27-июнда Бишкек мэриясына караштуу “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери ишкананын жаңы дайындалган жетекчиси Замир Асанбаевге каршы нааразылык акциясын өткөрүшүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. “Митингге чыккандар Замир Асанбаев 7-Апрель окуясына чейин да бул кызматты жетектегендигине байланыштуу кызматтан кетүүсүн талап кылышууда”,- дейт басма сөз кызматынын өкүлү.
Асанбаев Апрель окуясынан кийин бул кызматтан алынып, кайра ушул эле жылдын 24-июнунда дайындалганы айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















