"Түндүк электр" ишканасы 65 миллион сомго "акылдуу" эсептегичтерди сатып алат
"Түндүк электр" ишканасы 65 миллион сомго "акылдуу" эсептегичтерди сатып алат. Муну бүгүн, 27-июнда аталган мекемеден билдиришти. Эсептегичтер Бишкек шаарына жана Чүй облусунун Ысык-Ата районуна коюла турганы айтылды. Алгач тендер жарыяланып, аталган суммага 5700 даана жабдуу сатылып алынат. Утуп чыккан компания жабдууларды сентябрь айында орнотуп чыкмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

