super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Орозо айы менен куттуктады

 

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 27-июнда кыргызстандыктарды Орозо айынын башталышы менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:

“Урматтуу мекендештер! Кыргызстандын мусулмандары!

Бардыгыңыздарды ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктайм! Орозону ар бир мусулман үмүт, жакшы тилек менен күтөт. Жаратканга тобо келтирип, тазаланууга, жакшылыкка, кайрымдуулукка умтулат.

Ылайым жакшы тилектериңер, асыл максаттарыңар кабыл болсун! Кыргызстаныбызда тынчтык, бейпилдик орноп, Жараткан элибизге ыйман, ынтымак, сабырдуулук берсин!

Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакубат турмуш каалайм. Ар бир үй-бүлөдө ырыскы уялап, Кыргызстаныбыз гүлдөп-өнүгө берсин!"






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: