super.kg logo
  Спорт  

Атаандашын тиштеген Луис Суарес Бразилия полициясы тарабынан отелден чыгарылды

 

Атаандашын тиштеп, 4 айга футболдон четтетилген футболчу Луис Суарести Бразилиянын полициясы курама жайгашкан жайдан алып кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда чет элдик маалымат булактары кабарлады.

Маалыматка ылайык, 4 айга футболдук ишмердүүлүгү чектелген футболчунун каттоо күбөлүгү да ФИФА тарабынан тартылып алынган. Футболчу айласыз өз мекенине барганда аэропорттон көптөгөн күйөрмандар тосуп алышканы айтылууда. Бирок тартип сакчыларынын курчоосунда түшкөн Суарести өз мекенинде элдер кандай маанайда тосуп алганы белгисиз. Ал эми Л.Суарестин чоң энеси Лила Пирис Да Роса болсо небересине ФИФА тарабынан жасалган мамилеге нааразы экенин билдирген. “Баары билет, Луиске ФИФА кандай мамиле кыларын. ФИФАдагылар аны мелдештен четтетүүнү мурунтан каалап келишкен. Биринчи мүмкүнчүлүктөн алар муну да ишке ашырышты. Луиске итке жасагандай мамиле кылып, аны мелдештен сүрүп чыгарып коюшту”,- дейт ал.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
27.06.2014. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Анан итке окшоп тиштебей журуш керек да :)
27.06.2014. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
фанат кг сонун айттыныз))))))))))))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: