Бишкектеги 22 акча алмаштыруу бюросу текшерүүдөн өткөрүлүп, 2 бюронун ээлерине административдик протокол түзүлдү
Бишкекте атайын комиссия тарабынан уруксатсыз иштеп жаткан акча алмаштыруу бюролору боюнча рейд жүргүзүлдү.
“Белгиленген 34 акча алмаштыруу жайынын 22 акча алмаштыруу бюросу текшерилип, алардын экөөсүнүн ээлерине административдик протокол түзүлдү. Рейддин жүрүшүндө “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери мыйзамсыз орнотулган, валюталар курсу көрсөтүлгөн 35 жарнак тактасын алып салышты”,- деп билдирди бүгүн, 28-июнда мэриянын басма сөз кызматынын өкүлү.
Комиссия курамына КРнын Улуттук банкынын, Бишкек шаарынын мэриясынын, Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин, Бишкек шаарынын ИИББинин, ИИМдин Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын жана “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери киргени кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.