Жалал-Абад шаарына үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында 4191 эс алуучу келген
Жалал-бад шаарына үстүбүздөгү жылдын
1-кварталынын жыйынтыгы менен 4191 эс алуучу келген. Бул тууралуу
шаардык мэриянын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы
Салыжан Умаров билдирди.
Автор: Дамира Арстанова
Анын берген маалыматына караганда, негизинен эс алуучулар шаардагы «Мөл-Мөл», «Ала-Арча», «Алтын-Ордо», «Дастан», «Жалал-Абад», «Спутник» мейманканаларына жана «Жалал-Абад» санаториясына, облустук балдардын ден соолугун калыбына келтирүүчү «Бакыт» борборуна келишкен.
Ошондой эле былтыркы жылга салыштырмалуу 621,1 миң сомдук салык көп түшүп, өсүү темпи 103 пайызды түзгөн.
«Аткарылган иш-аракеттердин натыйжасында шаарыбыздагы мейманканаларга келген саякатчыларга жана эс алуучуларга жакшы шарттар түзүлүп, бүгүнкү күндө жакшы абалда жана туристтерге жогорку деңгээлде кызмат көрсөтүүгө жетише алышты»,- дейт С.Умаров.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.