super.kg logo

30-июнда Бишкекте социалдык коргоого арналган тегерек стол болот

 
30-июнда Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаты Ширин Айтматованын демилгеси менен 2012-2014-жылдарга карата социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясын ишке ашырууга жүргүзүлгөн баалоо жана мониторингдин жыйынтыгы боюнча тегерек стол болот. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Тегерек столдун максаты 2012-2014-жылдарга карата КРнын социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясын ишке ашырууга жүргүзүлгөн баалоо менен мониторингдин жыйынтыгын сунуштоо жана ошондой эле 2015-2017-жылдарга карата социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу үчүн сунуштар менен рекомендацияларды даярдоо болуп саналат.

Иш-чарага  депутаттар Айнуру Алтыбаева, Наталья Никитенко, Ирина Карамушкина, Өмүрбек Абдрахманов, өкмөт мүчөлөрү, КРнын Президентинин, өкмөттүн аппараттарынын, жарандык коомчулук менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: