super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу ратификацияланды

 

2014-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2012-жылдын 28-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Атомдук энергияны тынчтык максатында пайдалануу жаатындагы кызматташуу жөнүндө" макулдашууну ратификациялоо тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 11-июнунда кабыл алынган. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда КРнын Президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине орусиялык тарапка жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарлоо милдети тапшырылды. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: