Ысык-Көл облусунда катталган жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 4 адам жабыркады
Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында кечээ, 27-июнь күнү саат 17:00 чамасында Балыкчы-Каракол унаа жолунун 36-чакырымында мамлекеттик Ленд Ровер жана Ниссан Микра үлгүсүндөгү унаалар кагышып, анын кесепетинен 1 адам каза таап, 4 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма
сөз кызматы билдирди.
Автор: Дамира Арстанова
Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге ӨКМнын куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып, жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ал эми каза болгон адамдын денесин милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.