super.kg logo
  Спорт  

Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу: Бразилия Чилини пенальтилер сериясында утуп, чейрек финалга чыкты (фоторепортаж)

 
Чили курама командасы.
Бразилия курама командасынын футболчулары өз өлкөсүнүн гимнин аткарышууда.
Бразилия курама командасынын футболчулары өз өлкөсүнүн гимнин аткарышууда.
Бразилия курама командасынын футболчулары өз өлкөсүнүн гимнин аткарышууда.
Каталондук "Барселонанын" оюнчулары Неймар, Алвеш жана Санчес өз ара маектешип жатышат.
Давид Луис гол киргизип, командасын алдыга сууруп чыкты.
Бул голдун бразилиялыктар үчүн маанисин Давид Луистин кубанычынан байкоого болот.
Жооптук топ көпкө күттүргөн жок. Санчес топту алыскы бурчка багыттап, эсепти теңеди.
Алексис Санчес командасынын кийинки баскычка чыгууга мүмкүнчүлүгү бар экенин көрсөттү.
Бразилиянын башкы машыктыруучусу Луис Филиппе Сколари Чилинин оюнчуларынын орой ойноп жатканына нааразы болууда.
Бразилиянын жарым коргоочусу Халк калыстын ишине көп жолу нааразы болду.
Бразилиянын жарым коргоочусу Халк калыстын ишине көп жолу нааразы болду.
Бразилиянын күйөрмандары...
Бразилиялыктардын кезектеги чабуулу бул жолу Жонун катышуусунда.
Чилинин оюнчулары коргонууда да мыкты ойношту.
Алексис Санчес Чилинин кезектеги чабуулун уюштуруп жатат.
Оюндун жүрүшүнөн...
Кошумча убакытты ойноор алдында командалар эс алышты.
Кошумча убакытты ойноор алдында командалар эс алышты.
Күйөрмандар эле эмес, футболчулар да пенальтилер сериясын кызуу колдоого алышты.
Үй ээлери дарбазачы Жулио Сезарга кандай ишеним көрсөткөнүн бул сүрөттөн байкоого болот.
Бразилиялыктар пенальтилер сериясында кезек күтүп жатышат.
Чилинин оюнчулары пенальтилер сериясында анча ишенимдүү ойношкон жок.
Бразилиялыктар пенальтилер сериясында кезек күтүп жатышат.
Жулио Сезар чилиликтердин 2 оюнчусунун тобун тосо алды.
Бразилия пенальтилер сериясында жеңишке жетишип, кийинки баскычка чыкты.

Бүгүн, 28-июндан 29-июнга караган түнү Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун алгачкы чейрек финалчысы аныкталды. Бул жолдомону Бразилия курама командасы Чилини пенальтилер сериясында утуу менен илип кетти (3:2). Ал эми оюндун негизги убактысы 1:1 эсебиндеги тең чыгуу менен жыйынтыкталды.

Голдор: Давид Луис (18-мүнөт), Алексис Санчес (31-мүнөттө).

Оюндун мыкты деңгээлде болгонунан шек санап болбойт. Алгачкы мүнөттөрдөн тарта Чили да, Бразилия да кооптуу кырдаалдарды жарата алышты. Үй ээлеринин Бразилияга каршы анык чабуулга ыкталган тактика менен ойноодон сестенгени байкалып турду. Ошол себептүү топ көзөмөлдөөдө негизги убакытта Чили алдыда болду. Мындай оюндарда бир гана ката көп нерсени чечет эмеспи. Бразилиялыктарды атаандаштарынын катасы көп күттүргөн жок. Оюндун 18-мүнөтүндө кезектеги стандарттык абалда Давид Луис дарбазага топту таамай багыттады. Ал эми эсепти теңеген голду Алексис Санчес киргизди. Көпчүлүк болжогондой эле Чили оюндун экинчи бөлүгүнүн соңунда баштагы оюнун көрсөтө албай калды. Бирок оюн акырына чейин уланды. Негизги убакыт тең чыгуу менен аяктап, жеңүүчүнү аныктоого командалар дагы 15 мүнөттүктөн 2 тайм алышты. Бул убакыт да тең чыгуу менен жыйынтыкталды. Ал эми пенальтилер сериясында бразилиялык 2 футболчу гол киргизе алган жок. Чилинин 2 оюнчусунун тобун дарбазачы Жулио Сезар тосуп алды. Дагы бир топ дарбаза тулкусуна таамай багытталган жок. Ошентип, Бразилия кийинки баскычка чыкты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(15)
29.06.2014. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Браво Чили! Браво К.Браво! Татыктуу оюн корсотушту!
29.06.2014. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бразилия бул кетиште финалга жетпей калат го...
29.06.2014. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чи чи чили чилии болбой калды каап окунучтуу.
29.06.2014. 04:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
даааааааааа чили мыкты ойноду
29.06.2014. 07:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Хахаа баары бир Бразилия женди да ! Бразилия чемпион!
29.06.2014. 08:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Убакыт корсотот. финал жакындаган сайын командалар да сурдой баштады корунот.Айыгышкан кыл чайнаштар али астыда.
29.06.2014. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул оюнду, оюн десе болот. Тынымсыз чабуулдар, ото кооптуу соккулары менен башка оюндардан, айырмаланды.
29.06.2014. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оюн ото кызктуу жана ото кооптуу отуп жатат. Ким чемпион болот ? деген суроого жооп бериш кыйын болуп жатат. М: Бразилия аран утту Чилини...
29.06.2014. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
oto kyZyktuu oiun boldu!
29.06.2014. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аз жерден Бразилия утулуп кала жаздады!
29.06.2014. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага да аябай жакты бул оюн, акыркы муноттордо шаштым кетип калда. Бразилия утканда секирип, кол чаап жибердим... Азаматсынар!!!
29.06.2014. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чили татыктуу оюн корсотту! Оюндун акырына чейин тынымсыз чаабул жасап,мыкты коргонду.Кээ бир олконун курама оюнчуларына салыштырганда.
30.06.2014. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оюндун ылдамдыгы укмуш болду. Негизи пенальтиге барып такалуу эки каманда үчүн тең аянычтуу көрүнүш экен. Экөө тең жанталашып ойноду. Пенальти болсо... лотерея сыяктуу. Ошентсе да Жулио Сезар үчүн өзгөчө кубандым. Азамат жигит!
30.06.2014. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба, жогорудагы комменттерге кошулам. Эгер Чили эмес, немистер же голландиялыктар менен ойносо бразилиялыктардын абалы кандай болор эле деген ой жаралды.
30.06.2014. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бразилия ЧЕМПИОН и точка)))) Неймар СУПЕР!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: