Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу: Колумбия атаандашы Уругвайды утуп, чейрек финалга чыкты



Командалар кезек-кезеги менен чабуул уюштурушту.

Хамес Родригес экинчи голун жаратууда.

Колумбия кийинки турга чыкты. Анын чейрек финалдагы атаандашы Бразилия болмокчу.

Оюндун башкы каарманы Хамес Родригес оюндун экинчи бөлүгүндө алмаштырылды.

Беттештин мыкты оюнчусу Хамес Родригес.

28-июндан 29-июнга караган түнү экинчи түштүк америкалык командалардын оюнуна күбө болдук. Алгач үй ээси Бразилия Чилини утса, андан кийинки беттеш Уругвай менен Колумбиянын ортосунда болду. Албетте, көпчүлүк күткөндөй, чейрек финалдык жолдомо Колумбияга тийди.
Оюнда Колумбия чабуул коюу демилгесин колго алып, оюндун эки бөлүгүндө тең Хамес Родригес айырмаланды. Чынында, Луис Суарес жок уругвайлыктар мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууда бир топ кыйналганын айтпасак болбойт.
Колумбиянын чейрек финалдагы атаандашы Бразилия болот. Бул командалардын ортосундагы оюн 5-июлда өтөт.
Колумбия – Уругвай - 2:0
Голдор: Хамес Родригес (28-мүнөттө), Хамес Родригес (50-мүнөттө).
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
ayakosya

29.06.2014. 12:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уругвайдын женишин куткон элем. Суарестин жоктугунан болду .
ayakosya түзөттү 29.06.2014 12:53
Шаиста Шатманова

30.06.2014. 12:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шакиранын жердештеринин бийлегени жагып жатат. Колумбия дагы канча тепкичке жетет, билбейм, бирок Родригес бул мундиалдан дүйнөлүк жылдыздардын катарына жолдомо алып кетет көрүнөт.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.