super.kg logo
  Спорт  

Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу: Бүгүн Мексика менен Голландия кез келет

 
Мексиканын дарбазачысы Гильермо Очоа тайпалык оюндарда өз дарбазасына 1 гол өткөргөн.

Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун жарым чейрек финалында бүгүн, 29-июнда 2 беттеш орун алат. Чейрек финалдык жолдомо үчүн Голландия менен Мексика, Коста-Рика менен Греция кез келет. Азырынча бул 4 команданын ичинен кийинки баскычка чыга турган команданын атын атоо мүмкүн эмес. Андыктан майдандагы күрөш менен командалар өз дареметтерин көрсөтүп беришмекчи.  

ГОЛЛАНДИЯ - МЕКСИКА

Башталышы: 22:00 (Бишкек сааты боюнча)  

Стадион: Форталеза шаары, “Кастелан” стадиону

Калыс: Педру Проэнса (Португалия)

Командалар тууралуу: Голландия - тайпадан мүмкүн болгон 9 упайды алган саналуу курамалардын бири. Мелдештин жүрүшүндө бир дагы жеңилүү жана тең чыгууну биле элек. Азырынча мелдештин эң көп гол жараткан командасы катары белгилүү (11 гол). Ал эми өзүнүн командалык оюну менен айырмаланган Мексика тайпада 7 упай топтогон. Үй ээлери Бразилия менен айыгышкан беттеште тең ойногондугу үчүн (0:0 эсебинде) аны башкы талапкерлердин катарына кошкондор да пайда болгон.

КОСТА-РИКА - ГРЕЦИЯ

Башталышы:  02:00 (Бишкек сааты боюнча)

Стадион: Ресифи шаары, “Арена Пернамбуку” стадиону

Калыс: Бенжамин Уильямс (Австралия)

Командалар тууралуу: Греция тайпадан чыгууну 3-тур оюндарында ишке ашырды. Мелдештин бул баскычына чыккан командалардан айырмаланып, эки гана гол киргизе алган. Эки гол менен ушул баскычка жеткен Греция коргонууда ойноп, мыкты каршы чабуул уюштурууга жөндөмдүү команда. Ал эми тайпада Англия менен Италияны артта калтырган Коста-Рика менен Грециянын оюнунда анча чоң айырмачылык жок. Түндүк америкалык бул команда да атаандаштын катасынан кармап, каршы чабуул уюштурат.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
29.06.2014. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Голландия утса керек бирок Мексиканын коргонуусунда соз жок.
29.06.2014. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
1/4 финалда Нидерландия м.н Коста- рика туш келет
29.06.2014. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да ошондой деп ойлоп жатам.
29.06.2014. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Голландия алгаа )))
29.06.2014. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нидерланды менен Мексика ойнойт деп турат го башка жактарда
29.06.2014. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baky006, ошо Нидерланды менен Голландия бир да.
29.06.2014. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коста-Рикага жан тартам
29.06.2014. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негизги убакытта тен чыкса болот эле мага эко тен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: