super.kg logo
  Спорт  

Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу: 1:0 эсебинде утулуп жаткан Голландия 4 мүнөттө 2 гол киргизип, Мексиканы утуп алды (фоторепортаж)

 
Оюн алдында кийим которуучу жайда мексикалыктардын лидери Жеванни дос Сантос оюнга болгон планы тууралуу ой бөлүшүүдө.
Майданга чыкканга чейинки маанай голландиялыктарда ушул сүрөттө көрүнүп тургандагыдай. Жеңишти камсыздоого аракет кылыш керек.
Мексика курама командасы.
Голландия курама командасы.
Оюнга старт берилгенге чейин 2 мамлекеттин гимни обого жаңырды.
Мексиканын күйөрмандары командасын колдоодо чебер экенин көрсөтүштү. Күйөрмандарга болсо футболчулар өз чеберчиликтерин далилдеп бериши керек эле.
Оюндун экинчи жарымы башталганда дос Сантос оюн эсебин ачты.
Оюндун экинчи жарымы башталганда дос Сантос оюн эсебин ачты.
Голландиялыктар кайрадан оюнду ортодон баштоого мажбур болушту.
Оюн андан ары айыгышкан маанайда уланды.
Голландиялыктар бир катар кооптуу кырдаалдарды түзүүгө жетишишти.
Күндүн ысыганынан жана оюндун жогорку чыңалышта өткөндүгүнөн улам командалар калыстан эс алуу үчүн убакыт сурашты.
Машыктыруучулар да майдандагы оюнга өзгөртүү киргизүү аракеттерин көрүп жатышты.
Оюн кызуу уланып жатты.
Ачык калган Уэсли Снейдер 88-мүнөттө оюн эсебин теңеди. Анын соккусу өтө катуу ылдамдыкта дарбазага кадалды.
Снейдер оюн эсебин теңеди.
Көп өтпөй пенальтиден Хунтелаар голландиялыктарга жеңиш алып келген голду киргизди.
Албетте, мексикалыктардын жүзүнөн оюн калысына болгон нааразычылыкты байкоого болот.
Тамашалуу түрдө айтканда, мексикалык Х.Эрнандес голландиялык А.Роббенге ийгилик кааласа, Роббен үйүнө кайта турган атаандашына байсалдуу сапар каалап жатат.

Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун жарым чейрек финалдык оюндарында (1/8 финал) бүгүн, 29-июндан 30-июнга караган түнү Мексика менен Голландия кез келди. Бул командалардын жакшы даярдыкта экени тайпалык баскычтагы оюндарда байкалган. Бул жолу да командалар 90 мүнөт бою ошол сапаттарын көрсөткөнгө аракет кылышты. Голландия көнүп бүткөн каршы чабуулун арты-артынан уюштуруп жатты. Ал эми Мексика чабуулду коргонуудан баштап, топту каршы дарбазага чейин сүрүп барып жатты. Бул оюнга үстүртөн токтоло турган болсок, голландиялыктар  футболдогу “come back” (кыргызчага “кайтып келүү” деп которулат) түшүнүгүн эл эсине салышты. Анткени оюндун экинчи бөлүгүндө атаандаштардын гол киргизүүсүнө жол берген футболчулар оюндун аягында алгач эсепти теңеп, оюнду баштапкы тең чыгуу калыбына кайтарышты жана көп өтпөй чечүүчү голду да жаратканга жетишишти.

Кошумчалай кетсек, голландиялыктарга жеңиш алып келген гол пенальтиден киргизилди. Бирок кагылышууда пенальти коюп берген калыстын пикирине мексикалыктар кошулган жок. Бул пенальти алдыдагы күндөрдө көптөгөн талкууларды жаратышы мүмкүн. Эмнеси болсо да бул күн чейрек финал ээсин аныктап берди. Кош, Мексика, төргө өт, Голландия!   

Голдор: Дос Сантос (48-мүнөттө), Снейдер (88-мүнөттө), Хунтелаар (90+4, пенальтиден).





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
30.06.2014. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Holland, Holland. Aitum bele Holland
30.06.2014. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга Нидерланды!
30.06.2014. 02:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Penalti tuura berildi dep tv dan aityp jatat, kerek bolso 1 taimda da Niderlandyga 1 penalti berilish kerek bolchu eken, any sud'ya korboi kalgan eken...
Oshonduktan baary tuura, ech kandai talkuu bolboit berilgen penalti jonundo...
Final: Germaniya - Niderlandy
30.06.2014. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Летучие голландцы"
Алга!!!!
30.06.2014. 08:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
роббен красавчик эн зор ойноду!
30.06.2014. 08:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Укмуш оюн болду
30.06.2014. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уэсли Снейдер.
30.06.2014. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Робен артистигин коргозду акыркы мунотордо. Ал эми 11м келсек даана так коргозулду таза ойун болчу атин ойунду да бузушту.
30.06.2014. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Укмуш эле оюн болду. Голландиялыктар 4 мүнөттө абалды 180 градуска өзгөртө алышты. "Снейдер формада эмес", "өзүн көрсөтө албай жатат"... деген өңдүү сындар көп айтылып жатты эле, бул ирет ишке жарады.
30.06.2014. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бали кызыктын баары алдыда али, 1/4 финал мынданда кызыктуу болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: