super.kg logo

Чаткалда мектеп бүтүрүүчүлөрү эс алууга чыгып, бир тууган эки бүтүрүүчү көлгө чөгүп кетти

 
Чаткалда мектептин бүтүрүүчүлөрү эс алып жүрүшүп, бир тууган эки бүтүрүүчү көлгө чөгүп кетти. Окуя Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагындагы Айгыр-Жал айылында катталган.
Маалым болгондой, 2014-жылдын 28-июнунда аталган айылдагы Исмаил уулу Матиш атындагы орто мектептин 10 бүтүрүүчүсү (6 кыз, 4 эркек) ушул эле айыл аймактагы Ак-Көл көлүнө эс алууга барышкан.
Ушул эле күнү саат 16:30 чамасында алардын ичинен бешөөсү сууга чөгө баштаган. 
Алдын ала алынган маалымат боюнча, ошол жерде эс алып жүргөн Каныш-Кыя айылынын тургуну Жумадил Арыкбаев достору менен 3 адамды куткарып калышкан. Ал эми бир туугандар 1996-жылы туулган Наргиза Байысбекова менен 1995-жылы туулган Азат Байысбеков сууга чөгүп кетишкен. 
Кырсык болгон жерге ӨКМнын Чаткал райондук бөлүмүнүн башчысы, Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы жана башка тиешелүү кызматкерлерден турган ыкчам топ барышкан.
Саат 17:30 чамасында чөгүп кеткендердин денесин Жумадил Арыкбаев достору менен биргеликте суудан таап чыгышкан. Каза болгондордун денеси райондук оорукананын өлүкканасына жеткирилип, тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
30.06.2014. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бала күйүтүн көрсөтпөсүнчү. Сабр берсин.
30.06.2014. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ата энесине сабыр,АЛЛАХ оз меермине алсын!
30.06.2014. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сабыр берсин. баарыбыз барар жерибиз о дуйно.
30.06.2014. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айланаын жаштар суудан абайлагылачы.Быйыл сууга чокондор коп болуп жатат.Карасан жалан он гулун бироо ачыла элек жаштар.Ата энеге,бир туугандарга ,суйгон адамдарына,досторуна кандай оор жогтуу.Жаткан жеринер жайлуу болсун,Аллахым бейиштен орун берсин.
30.06.2014. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
yasmina_kg, мен да сенин оюуна кошулам!
30.06.2014. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай эле сактасын.
30.06.2014. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биринчиден,Каныш-Кыя менен Айгыр-Жал эки болок айыл аралыгы алыс.Экинчиден,Ак-Кол колу ал айылдардан ото эле алыс жакта,ал аймакка карабайт.
01.07.2014. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуп алып, жамааан болдум. Бир уйдон бир убакта эки адам, болгондо да жапжаш, он гулунун бири да ачыла элек оспурумдор кыйналып кайтыш болушуптур. Думчугуп, кыйналышса керек. Быйыл сууга чогуулор коп катталып жатат. Бассейнге эле барышса тынч эле... жаткан жерлери жайлуу болсун. Апасына жаман болду...
Alai.kyzy түзөттү 01.07.2014 00:57
01.07.2014. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым Ата-эне бир туугандарына сабыр берсин, окунучтуу балдардын он гулунон бир гулу ачылбаганы.
Ырчы_жигит айткандай Каныш-Кыя менен Айгыржалдын аралыгы алыс тууралап жазсанар!
01.07.2014. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Big-hearted, yrchy_jigit, Саламатсыздарбы!
Кабарда "Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагындагы Айгыр-Жал айылында" деп жазылган. Айгыр-Жал менен Каныш-Кыяны жакын же бир деген жок. Айгыр-Жал айылы Каныш-Кыя айыл аймагына карайт.
Эми сйттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикир же суроолор болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жөнөтсөңөр.
01.07.2014. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_portal,мен Каныш-Кыядан болом,экообу эки болок айыл.Каныш-кыя просто райондун борбору...
yrchy_jigit түзөттү 01.07.2014 17:42
01.07.2014. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
yrchy_jigit,
Сиз түшүнбөй жатат окшойсуз. Ооба, экөө эки башка айыл. Бирок расмий түрдө Айгыр-Жал айылы Каныш-Кыя айыл АЙМАГЫНА карайт.
01.07.2014. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
OK,тушундум...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: