super.kg logo

Жалал-Абадда "Хизбут-Тахрир" уюмунун активдүү мүчөсү кармалды

 

Жалал-Абадда 27-июнь күнү «Хизбут-Тахрир» уюмунун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка ылайык, Аксы районунун тургуну М.Жусупбековдун үйүнө тинтүү жүргүзгөн убакта 4 даана 70 барактан турган "Аль-Ваьй" китеби, 4 даана 70 барактан турган "Мухтарот" китеби, 1 даана 366 барактан турган "Саодат Асри Кисалари" китеби, 1 даана 23 барактан турган аялдар үчүн намаз китеби, 1 даана 477 барактан турган "Мусулман медицинасы" китеби, 1 даана 256 барактан турган "Танбехул Гофилийин" китеби, 1 даана 62 барактан турган өзбек тилинде жазылган китеби, 1 даана намаз китеби, 5 даана "Аль-Ваьй" жана "Хизбут-Тахрир" жазуусу бар баракчалар алынды.

Азыркы убакта алынган далил буюмдар Ош шаарындагы теологиялык экспертизага жиберилип, кармалган  жарандын үстүнөн алдын ала тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Айта кетсек, аталган жаран мурун сот жообуна тартылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: