super.kg logo
  Саясат  

5 ай ичинде республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 660 миллион сом бөлүндү

 

2014-жылдын январь-май айларына карата жергиликтүү бюджеттердин кирешелери 6 миллиард сомду түздү. 5 ай ичинде республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 659,5 миллион сом бөлүндү. Анын 562,2 миллион сому теңдөөчү гранттарга, 97,3 миллион сому республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге өткөрүлүп берилүүчү каражаттарга бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жергиликтүү бюджеттердин өздүк кирешелери 2009-жылдан тарта 7 миллиард сомдон 13,8 миллиард сомго өстү.  

Жергиликтүү бюджеттер айылдардын жана шаарлардын бюджеттери болуп эсептелет жана аларды түзүү, бекитүү, аткаруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылат. Жергиликтүү бюджеттин кирешелерин салыктык, салыктык эмес түшүүлөр жана башка булактар түзөт. 

2014-жылы жергиликтүү бюджеттердин жалпы суммасы 15,7 миллиард сомду түзөт. Анын 11,7 миллиард сомун салыктык кирешелер, 1,8 миллиард сомун салыктык эмес кирешелер, 102 миллион сомун активдер, милдеттенмелер түзөт. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттер республикалык бюджеттен трансферттерди (теңдөөчү грант) жана тиешелүү каражаттарды алышат. 2014-жылга республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 2 миллиард сомдун тегерегинде каражат бөлүнөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: