Атайын рейддин жүрүшүндө 116 жол эрежесин бузуу фактысы катталган
27-июнда Чүй облусунун аймагында ИИМдин Жол-кайгуул кызматы жол кырсыктарынын алдын алуу максатында жүргүзгөн рейддин жыйынтыгында 116 жол эрежесин бузган факты катталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анда 2 автоунаа айып жайга токтотулду. Андан ташкары төмөнкүдөй эреже бузуулар катталган:
* Мас абалында унаа башкаруу фактысы - 2;
* Терезеси караңгылтылган унаалар - 8;
* Тиешелүү документтери жоктор - 1;
* Жогорку ылдамдыкта бара жатып токтотулгандар - 83;
- Тиешелүү жайдан каттоодон өтпөгөн унаалар - 2;
- Жол көзөмөлдөө кызматынын кызматкерине баш ийбөө - 5;
- Башка эреже бузуулар - 15.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:04
2025-06-25
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.