super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш электр энергиясынын баасын бекитүү укугун өкмөттүн өзүнө бере турган мыйзам кабыл алды

 

Жогорку Кеңеш электр энергиясынын баасын бекитүүнү өкмөттүн өзүнө берүү, бул ишке депутаттарды кийлигиштирбей турган мыйзам кабыл алды. Мындай чечим бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында 3-окууда кабыл алынды. Долбоорду жактаган депутат Кожобек Рыспаев тарифтерди жөнгө салуучу көз карандысыз орган болмоюнча бул чөйрөгө инвесторлор тартылбай турганын айтты. 

Мыйзам долбоордун максаттарынын бири көз карандысыз эсеп борборун түзүү үчүн ченемдик-укуктук базаны түзүү жана энергетика секторун натыйжалуу башкарууну уюштуруу боюнча мамлекеттик саясатка ылайык электр энергиясына тарифти белгилөөнү саясаттан алыстатуу экени айтылууда. “Энергетика жөнүндө” мыйзамдын сунуш кылынып жаткан редакциясына ылайык, эгерде өзгөртүүлөр күчүнө кирсе, өкмөт Жогорку Кеңеш менен тарифтерди макулдашпайт. Ошентип, тарифтерди Энергетика министрлигине баш ийбеген жаңы түзүлө турган Жөнгө салуучу агенттик аныктамакчы.

Мыйзам эми президенттин кол коюусуна жиберилет. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: