super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда мамлекеттик майда сыйлыктарды жоюу сунушун парламент 1-окууда жактырды

 

Жогорку Кеңештин 30-июндагы жыйынында мамлекеттик сыйлыктардын статусун көтөрүүгө багытталган "КРнын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" мыйзам долбоору 1-окууда кабыл алынды. Демилгечилердин айтымында, сыйлыктардын тизмеси кыскартылмакчы. "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген куруучусу" сыяктуу тармактык наамдарды жоюп, "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген ишмери" деген гана бир наамды белгилөө сунушталып жатат. Ал эми "КРнын Эл жазуучусу", "КРнын Эл акыны", "КРнын Эл артисти", "КРнын Эл сүрөтчүсү" деген наамдар калтырылат. Андан сырткары жаңы долбоордо чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактарды да мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого мүмкүнчүлүк берилүүдө. "Советтер Союзунун Баатыры" жана "Социалисттик Эмгектин Баатыры" наамдары "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамынын статусуна теңдештирилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: