"Дайынсыз жоголду" делип жаткан Бакыт Эгембердиев Ысык-Көл облусунан эс тутумун жоготкон абалда табылды

"Дайынсыз жоголду" делип жаткан Бакыт Эгембердиев Ысык-Көл облусунан эс тутумун жоготкон абалда табылды. Бул тууралуу анын атасы Санташбек Эгембердиев SUPER.KG порталына билдирди.
“Азыр уулубуз эс тутумун жоготкон абалда табылды. Аны сабашкан эмес. Кыязы, эс тутумунан ажыратуучу бир нерсе берип коюшкан окшойт. Азырынча өзүбүз деле билбей турабыз. Эң башкысы, аман-эсен табылды”,- дейт Санташбек Эгембердиев. Ал эми Бакыт Эгембердиевдин унаасы табыла элек.
Эске салсак, Бакыт Эгембердиев аттуу жаран 27-июнда Тойота Эстима (мамлекеттик номуру B5287AD) унаасы менен борбор калаадагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Жакындары жана туугандары аны издөөгө алып жатышкан эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
-1

азыр өзүң туулуп өскөн кыргызстанда жүрүү коркунучтуу болуп баратат.
кечиндеси эмес таламан так түштө эшике кенен басуудан кооптоносуң.