super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн Карганбек Самаков Япония парламентинин Өкүлчүлүк палатасынын мүчөсү менен жолугушту

 
Бүгүн, 30-июнда Карганбек Самаков баштаган депутаттар Эсенгул Исаков, Эркингүл Иманкожоева, Кожобек Рыспаев, Майрамкүл Тиленчиева, Элмира Жумалиева Япония парламентинин Өкүлчүлүк палатасынын мүчөсү Йосиаки Харада баштаган япон делегациясы менен жолугушту. 
Иш сапары менен бир нече күндөн бери Кыргызстанда жүргөн Й.Харада мурда да Кыргызстанда болгонун, бирок бул жолу Кыргызстан менен кеңирирээк таанышууга мүмкүнчүлүк алганын айтып, эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары дагы чыңдоо, экономикалык байланыштарды бекемдөө боюнча ойлорун ортого салды. 
Өз кезегинде депутат Карганбек Самаков парламенттер аралык кызматташуунун натыйжасында уюштурууга жетишилген «Кыргызстан-Кагошима» уюму, эки парламенттин ортосундагы депутаттык достук топтору, медициналык жабдууларды алып келүү, маданий байланыштарды бекемдөө боюнча аткарылып келген иштер туурасында маалымат берди. Ошону менен бирге эле Й.Харада баштап демилгечи болуп келип отурган энергияны үнөмдөөчү жабдууларды ишке киргизүү багытындагы аракеттер колдоого арзый турганын айтып өттү. 
Депутат Эсенгул Исаков да сөз алып, Япониянын гранттык жардамдарына таянып айыл чарбасында аткарыла турган иштердин арбын экендигин айтуу менен бул багыттагы кызматташууну дагы да жандандыруунун зарыл болуп жатканын белгиледи. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: