super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев облустардагы өкмөт өкүлдөрүнүн жана Бишкек менен Оштун мэрлеринин милдеттенмелерин бекитти

 
КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев облустардагы өкмөт өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин милдеттенмелерин жана ишмердүүлүгүнүн планын бекитти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 30-июнда маалымдады.
Жоомарт Оторбаев баш болгон өкмөттүн биринчи отурумунда премьер-министр ар бир мекеменин жетекчисине 2014-жылдын аягына чейин аткара турган иштери боюнча план түзүү тапшырмасын берген. Ага ылайык, облустардагы өкүлчүлүктөр жана шаар мэрлери коомчулук менен макулдашып, өзүнчө келишим түзүшү керек эле. Өкмөт башчы мамлекеттик мекеме жетекчилери тарабынан калктын жашоосун жакшыртууга жана реформа жүргүзүү үчүн сунушталган планды бекитти.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: