super.kg logo
  Саясат  

Мамлекеттик салык кызматынын күнүнө карата мыкты салык төлөөчүлөр аныкталат

 
Бүгүн, 1-июлда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын күнүнө карата мыкты салык төлөөчүлөр аныкталат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 
Салык салуучулар күнүн белгилөөгө багытталган иш-чарага КРнын Президентинин аппаратынын жана өкмөттүн өкүлдөрү, министрлер жана мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, эл аралык уюмдар жана мыкты салык төлөөчүлөр да катышат. 
КРнын Салык кызматы өкмөттүн токтому менен 1990-жылы өз алдынча мекеме катары түзүлгөн. 1994-жылы Каржы министрлигинин карамагына өткөн. Ал эми 2002-жылы Каржы министрлигинин алдында Кирешелер боюнча комитет түзулүп, ага Салык кызматы да кирген. 
2005-жылы өкмөттүн түз башкармалыгына өтүп, 2007-жылы КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Салык чогултуу боюнча мамлекеттик комитет деп аталып, 2009-жылы Мамлекеттик салык кызматы деп өзгөртүлгөн.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: