super.kg logo

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучулар жана студенттер үчүн медициналык борбор ачылды

 
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде окуу жайдын окутуучулары жана студенттери үчүн медициналык борбор ачылды. Бул тууралуу 30-июнда аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Окуу жайдын студенттери жана окутуучулары үчүн жеңилдетилген медициналык кызматтарды көрсөткөн борбордо кардиолог, офтальмолог, ортопед, педиатр, лор, гинеколог, психотерапевт, маммолог, невролог, терапевт, хирург, уролог, тиш дарыгери иш алып барышат. 
"Бул медициналык борбор университеттин студенттерин жана окутуучуларын социалдык жактан колдоо иретинде ачылып жатат. Ушул күндө окуу жайдын бир топ студенттерин акысыз медициналык кароодон өткөрүп алдык. Окутуучуларыбыз дагы, кызматкерлер дагы бул кызматтан пайдалана башташты. Эми биз жылына ар бир окутуу үчүн 350 сомдон которуп берип, жыл бою акысыз медициналык кызматты пайдаланалы деп жатабыз",- дейт университеттин ректору Төлөбек Абдырахманов
"Белгилей кетсек, мындай медициналык борбор башка бир дагы окуу жайда жок. Буга чейин студенттер ден соолугун чыңдоо үчүн жалпы студенттик бейтапканага кайрылып келишкен" деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: