super.kg logo

Японияда аскер саясатына киргизилчү өзгөртүүгө каршы чыккан жаран өзүн өзү өрттөп салды

 

Токио шаарындагы көпүрөгө белгисиз эркек киши өзүнүн жарандык позициясын билдирүү максатында чыгып, өзүн өзү өрттөп салган. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, ал Япониядагы аскер саясатына киргизилген өзгөртүүгө каршы чыккан. Өзгөртүүлөрдө япондук армия өзүнүн аскердик тарапташтары Вьетнамга жардам бериши керектиги жазылган.

Бул окуя "Синдзюку" станциясынан алыс эмес жерде орун алган. Окуя болгон жерде бензин куюлган бир канча бөтөлкө жана микрофон болгон. Ал жарандык көз карашын билдирип бүткөндө өзүнө бензин чачып, өрт чыгарган. Ага өрт өчүрүүчүлөр суу түтүктөрү менен суу чачышкан, бирок андан майнап чыккан эмес. Көпүрөнүн бийиктигинде өрткө курчалган абалда турган киши жыгылып, оор күйүк менен ооруканага түшкөн. Жаш курагы 60ка чамалап калган жарандын бул аракетине жүздөгөн адам ылдыйдан күбө болушуп, карап турушкан.

Япониянын премьер-министри Кытай менен аймактык маселе боюнча урушуп жаткан Вьетнамга расмий түрдө жардам көрсөтүү максатында аскер саясатына өзгөртүү киргизүү планын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.07.2014. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башкача жолу жок беле ?Митинг,ситинг сыяктуу.Тируу калбайсын эми байкуш жапон.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: