super.kg logo
  Саясат  

Абдыжапар Бекматов "Республика" фракциясынын лидери болуп шайланды

 
Абдыжапар Бекматов Жогорку Кеңештеги "Республика" фракциясынын лидери болуп шайланды. Муну бүгүн, 1-июлда парламенттеги өздүк булагыбыз кабарлады. Фракция лидерин алмаштыруу фракциядагы 12 депутаттын чечими менен кечээ, 30-июнда кабыл алынды. 
Эске салсак, аталган фракциянын лидери болуп жакында Максат Сабиров дайындалган эле. Анын иштегенине 3 апта гана болгон. Сабировдун жетекчиликтен түшүшүнүн себеби аталган жок. 
 
Абдыжапар Бекматов

Туулган жылы – 1961-жыл, 15-январь.

Туулган жери – Ош облусу, Ноокат району, Эски-Ноокат айылы.

Билими – жогорку, 1983-жылы К.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун, 2008-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтун бүтүргөн.

Үй-бүлөсү  2 уул, 1 кыздын атасы.

Хоббиси  футбол, жеңил атлетика.

Эмгек жолу:

1983-жылы Ноокат районундагы В.Чапаев атындагы колхоздун ветеринардык врачы; 

1985-1987-жылдары – Ноокат районундагы В.Чапаев атындагы колхоздун башкы ветеринардык врачы;

1987-1990-жылдары – Комсомолдун Ноокат райондук комитетинин II катчысы;

1990-1991-жылдары – Компартиянын Ноокат райондук комитетинин уюштуруучусу; 

1991-1995-жылдары – Ноокат райондук ветсанотрядынын жетекчиси;

1995-1996-жылдары – Ноокат районундагы Чечме-Сай айылдык комитетинин төрагасы;

1996-2000-жылдары – Ноокат районундагы Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы;

2000-2002-жылдары – "Темир" мамлекеттик ишканасынын аткаруучу директору;

2000-2010-жылдары – Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү;

2010-жылы "Республика" партиясынын тизмеси аркылуу Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

Жогорку Кеӊештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекет түзүлүш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: