super.kg logo
  Саясат  

Тайырбек Сарпашев: "Ар бир салыкчынын таза иштеши жарандардын эртеңки күнгө ишенимин арттырат"

 
Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бүгүн, 1-июлда Мамлекеттик салык кызматкерлеринин кесиптик майрамын белгилөө иш-чарасына катышты. Сарпашев салыкчыларды өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин атынан куттуктады жана буларды айтты:
"Силер топтогон ар бир сом - эртең жарандарга бере турган пенсия жана жөлөк пул. Бүгүнкү күндө салыкчылар мамлекеттин экономикалык жана социалдык турмушунда алдынкы катарда турат. Ар бир салык кызматкеринин адилеттүү иштеши биздин жарандардын эртеңки күнгө ишенимин арттырат. Биз тездик менен өзгөрүлгөн дүйнөдө жашап жатабыз, жаңы маалымат системдери кирип, бизнес процесстери автоматташтырылууда. Буларга Салык кызматынын канчалык деңгээлде реакция жасап жатышы ишкерлердин мамилесинен көз каранды".
Сарпашев салыкчылардын ишинин жоопкерчиликтүү экенин эске салды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: