super.kg logo

Ажылык сапарды уюштурууга нааразы болгон Кара-Суу районунун тургундары Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылуу жолдошту

 
Ош облусундагы Кара-Суу районунун тургундары Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековго кайрылуу жолдошту. Муну бүгүн, 1-июлда өткөн маалымат жыйында аталган райондун тургундары билдиришти.
Кайрылууда 25-июнда ажылык сапар боюнча өткөн чүчү кулак кармоодо мыйзам бузуулар болгону жазылган. 
Ак-Таш айыл өкмөтүнүн тургуну Мамат Арипов эки жылдан бери ажылыкка документ тапшырып, бирок тааныштары жоктугунан өтпөй жатканын айтат. "Чүчү кулакка биздин айылдан 8 адам тизме түзүп бергенбиз, анда биринчилерден болуп жазылган экөөбүз өтпөй, биздин артыбызда жазылган 6 киши өтүп кеткен. Бул кандай? Чүчү кулактын эрежесин компьютерге алмаштырып койгону такыр туура эмес",- дейт ал. 
Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык жетекчиси Курбаналы Узаков: "Чүчү кулактын компьютердин жардамы менен өтүшүн республикалык штаб чечкен. Андыктан нааразы болгон район тургундары республикалык штабга арыз менен кайрылса, алар маселесин чечип беришет. Мен буга кирише албайм",- деди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.07.2014. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сиз чын ыкыласыныздан ажыга барам деп ниеет кылсаныз болот да,эл козуно барам дегендерге ушундай тоскоолдуктар жара берет да таксыр:
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: