Карганбек Самаков: "Менде жайында эс алуу болбойт, чет элдик коноктор менен жолугушууларым бар"
"Жогорку Кеңештин депутаттары 2 айлык каникулга чыгышты деп айтылганы менен, жайында депутаттардын баары эле эс ала беришпейт",- дейт депутат Карганбек Самаков. Айтымында, айрым депутаттар жайкы каникулда деле ишин уланта беришет. Алардын катарында өзү да бар экенин билдирди.
Автор: Автандил Добулбеков
"Мен быйыл жайында эс албайм деле. Чет элден келген өкүлдөр менен бир катар жолугушуулар пландалган",- дейт Самаков "Парламент" радиосундагы маегинде.
Түз байланышта айрым жарандар "Чек ара баш болуп чечилбеген олуттуу көйгөйлөр көп, ушундай учурда депутаттар 2 ай эс албай эле койсо болбойбу? Жок дегенде бир айга чыгышса болот эле" деген нааразычылыктарын айтышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

