super.kg logo

Бишкектеги университеттин алдында ачылган бала бакча студенттердин тажрыйба топтошуна шарт түзөрү айтылды

 
Бишкекте окутуучулардын балдары үчүн жана студенттердин тажрыйба топтошуна шарт түзгөн бала бакча ачылды. Жаңы ачылган бала бакча мектепке чейинки билим берүү үчүн заманбап инновациялык жабдуулар менен толукталган. 
Балдар мектепке чейинки даярдыктан өтүп, тарбиялоодо өзгөчө усулдар колдонулат. Бакча жүз орундуу, бирок алгачкы жылдары элүү баланы кабыл алуу пландаштырылган. Бала бакчада 3 сааттык, 5 сааттык жана 10 сааттык кызмат сунушталат. 3 сааттык бакчада балдар бир жумада үч жолу келип билим алышса, 5 сааттыкта жумасына үч жолу келишет. 10 сааттык бала бакчаны тандаган ата-энелердин балдары эртеден кечке бала бакчада болушат. 
Студенттер жана окутуучулар үчүн база болуп берген бакча университеттин мектепке чейинки билим берүү кафедрасынын студенттери үчүн теориялык алган билимин практика жүзүндө айкалыштырууга шарт түзөт. Бул тууралуу 30-июнда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин басма сөз кызматы билдирди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: