super.kg logo

Айчүрөк Иманалиева Ялтада өтчү "Чыгыш базары" Эл аралык фестивалында калыстар тобунун мүчөсү болот

 

22-28-августта Ялта шаарында өткөрүлчү “Чыгыш базары” 9-эл аралык фестивалында КРнын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева калыстар тобунун мүчөсү болот. Бул тууралуу ырчы бүгүн, 1-июлда SUPER.KG порталына билдирди.

Ал эми бул эл аралык сынакка өлкөнүн намысын коргоо үчүн ырчы Курал Чокоев аттанат. 

“Мен эл аралык сынактарда 5-ирет калыс болгону жатам. Башкы максатыбыз - Кыргызстандын намысын коргоп, байгелүү 3 орундун бирөөсүн камсыздап кайтуу. Биздин 2 же 3 катышуучуну сынакка алып барууга укугубуз бар. Андыктан тажрыйбасы көп деп Курал Чокоевди тандадык. Өлкөнү татыктуу көрсөтүп кайтуу үчүн мыктынын мыктысы барыш керек. 

Сынакка “Музаман” тобу же ырчы кыздардын бири барып калышы мүмкүн. Айта кетсем, эл аралык сынактарда өзүңдүн кишиң калыстар тобунда отурса, катышуучуга чоң стимул болот. Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, жапа тырмак биргелешип иш алып барасың. Өзүңдүн катышуучуңа жактоочу болуп, таламын талашасың. Башка калыстар тобунун мүчөлөрүнө ишеничтүү түрдө жан тарткан катышуучуга көрсөтүп турсаң, алар да талантына татыктуу баа беришет”,- дейт Айчүрөк Иманалиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(34)
01.07.2014. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айчурок эже азатсыз. Откондо Курал байкени да колдодунуз.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: