Кыргызстандык футболчу Валерий Кичин “Анжи” клубунун оюнчусуна айланды

Футбол боюнча Кыргызстан улуттук курама командасынын оюнчусу Валерий Кичин орусиялык “Анжи” клубунун оюнчусуна айланды. Бүгүн, 1-июлда КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, футболчу менен клубдун ортосунда 3 жылдык келишим түзүлдү.
Маалыматка ылайык, футболчу учурда “Анжинин” курамында Австрияда өтүп жаткан машыгуу сборуна катышууда. Махачкалалык “Анжи” В.Кичиндин Орусиядагы үчүнчү клубу. Футболчу буга чейин “Волга” жана “Уфа” клубдарында ойноп келген.
Кошумчалай кетсек, акыркы сезонду Орусия Премьер-лигасында өткөргөн “Анжи” клубу 30 оюнда 20 упай топтоп, 20-орунду ээлеп калган. Кийинки сезонду клуб Орусиянын Улуттук Футбол Лигасында (Биринчи дивизион) өткөрөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.