super.kg logo
  Саясат  

Тайырбек Сарпашев "үй жандыктарын жасалма уруктандыруу боюнча башталган долбоорду сапаттуу аткарышыбыз керек" деди

 

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Сауд Арабиясына болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселеси тууралуу жыйын өткөрдү. Сарпашев белгилегендей, "Ислам" өнүктүрүү банкынын жетекчилиги менен жалпы суммасы 46 миллион 570 миң долларды түзгөн долбоорлорду ишке ашыруу боюнча келишимдерге кол коюлду. Алардын катарында Баткен районундагы Лейлек районунун Арка массивин электр менен камсыздоону жакшыртуу – 16 миллион 250 миң доллар, Ош-Баткен-Исфана унаа жолун реконструкциялоо – 21 миллион 320 миң доллар жана КРнын айылдарын туруктуу өнүктүрүү боюнча 9 миллион долларлык келишимдер бар экени айтылды.

“Айыл жергеси үчүн 5 көчмө медпункт сатып алуу маселеси чечилди. Кыска мөөнөт ичинде "Адал" стандарты боюнча этти тышка чыгарууга багытталган эт комбинаттарын жана мал союучу жайларды түзүү тууралуу жетишилген маселе боюнча бир катар варианттарды иштеп чыгуу зарыл. Биз 1,5 миллион доллар суммасындагы үй жандыктарын жасалма уруктандыруу боюнча башталган долбоорду сапаттуу аткаруубуз керек”,- деди Сарпашев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: