super.kg logo

Франциянын мурдагы президенти Николя Саркозиге коррупция боюнча айып тагылды

 

Франциянын мурдагы президенти Николя Саркозиге коррупция боюнча расмий түрдө айып тагылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Башкы прокуратурасына шилтеме берүү менен 2-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 

Белгилүү болгондой, экс-президент "пара берүү", "жеке максаттары үчүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "коммерциялык сырдын эрежелерин бузуу" беренелери боюнча айыпталып жатат. 

Кечээ, 1-июлда Николя Саркози 15 сааттык сурактан кийин сот менен жолугушканы айтылууда. Сүйлөшүүдөн кийин сот расмий түрдө айыптоо боюнча чечим чыгармак.

Саркози 2007-жылдагы шайлоодо шайлоочулардын ливиялык диктатор Муамар Каддафи тарабынан мыйзамсыз каржыланганы боюнча шектүү катары суракка алынган. 2011-жылы мартта Каддафинин уулу Сейф аль-Ислам президенттик шайлоонун алдында анын үй-бүлөсү Саркозиден 50 миң евро алганын айтып чыккан. 

Ошондой эле шайлоо алдында мурдагы президент "L’Oreal" компаниясынын ээсинен 150 миң евро алганы маалым болгон. Францияда президенттикке талапкерлерге жеке жактардан 4600 евродон ашык акча каражатын алууга тыюу салынат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.07.2014. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соттолсо да качып кетпеген, туугандарын жол тостуруп кочого алып чыкпаган чынчыл президент окшойт...)))))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: