super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: “Өзбекстан газды өчүрүп салат деп ойлогон эмесмин”

 

"Кыргызстандын түштүк аймагынын газсыз калышы - саясий маселе". Муну бүгүн, 2-июлда спикер Асылбек Жээнбеков билдирди. Айтымында, бул маселеде Өзбекстан коңшулук мамиле жасабай койду. “Коңшулар коңшулук кылбай, газын өчүрүп салат деп ойлогон эмесмин. Бирок биздин кадамыбыз абдан туура болгон. Президент да айтты го, газ боюнча көз карандысыздыкка жетүү үчүн ушул жолду басып өтүшүбүз керек эле. Бул жерде саясий себептер бар, биз тараптан эмес, тиги тараптан”,- деди төрага.

Асылбек Жээнбеков газды өчүргөн Өзбекстанга сууну бууп коюу сунушун колдобой турганын билдирди. “Таш менен урганды аш менен уруп туралы. Кылымдар бою бирге жашаган коңшу өлкөлөрбүз, мындан ары да бирге жашайбыз. Элибиз аралашып жашайт, азырынча коңшулук милдетибизди аткарып туралы. Жакшылык баары бир жеңет”,- деди ал. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: