super.kg logo
  Саясат  

Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайип Эрдоган президенттикке ат салышат

 

Түркиядагы оңчул партиялардын бири "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясы өлкөнүн премьери Режеп Тайип Эрдогандын президенттик тактыга талапкер боло турганын айтты.   

Кечээ, 1-июлда партиянын жетекчисинин орун басары Мехмет Али Шахи: Биздин премьер-министрибиз, биздин партиянын башчысы, Стамбулдун мыйзам чыгаруучусу Режеп Тайип Эрдоган өлкөнүн 12-президенттигине талапкер болду”,- деп айтканын чет элдик ММКлар жазып чыкты. 

Шайлоо ушул жылдын 10-августунда өтөрү айтылды. Маалыматка таянсак, шайлоо биринчи жолу түз добуш берүү жолу менен өткөрүлөт. Буга чейин президент өлкө парламенти тарабынан шайланып келген. Ал эми талапкерлер жалпы добуштардын 51 пайызына ээ болушу керек. Эгер топтогон добуштары көрсөтүлгөн чекке жетпесе, 24-августта кайрадан добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: