Жогорку Кеңештин төрагасы: “Батукаев маселеси али жабыла элек”
“Азиз Батукаев маселеси али жабыла элек”,- деп билдирди спикер Асылбек Жээнбеков 2-июлдагы маалымат жыйынында. Төраганын билдиришинче, аталган маселе боюнча парламент токтомунда көрсөтүлгөн чиновниктердин көбү азыр кызматтарда эмес. “Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, тергөө жүрүп жатат. Иш жабыла элек, көп иштер али алдыда”,- деди парламент жетекчиси.
Жээнбеков Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын ишин иликтөө да аягына чыга электигин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

