super.kg logo
  Саясат  

Балдардын укуктарын коргоо максатында кабыл алынган айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

 

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 2014-жылдын 22-майында парламент тарабынан кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамына кол койду.

Президенттин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, мыйзам балдардын укуктарын коргоо максатында кабыл алынган жана Кылмыш-жаза, Үй-бүлө кодекстерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет.

Мыйзам жашы жетпеген жана 18 жашка толгон, бирок эмгекке жарамсыз балдарды багуу үчүн соттун чечими  менен чектелген каражатты төлөөдөн баш тарткан ата-энелердин жоопкерчилигин арттырууну көздөйт. Ошондой эле эмгекке жарамсыз ата-энесин багуу үчүн соттун чечими менен чектелген каражат төлөөдөн баш тарткан, жашы 18ден ашкан балдарынын жоопкерчилигин арттырууга багытталат. Ал Кыргызстандын чегинен сырткары туруктуу жашоого кетип жаткан жактардын алименттик милдеттерин аткаруунун өзгөчөлүктөрүн регламенттейт. Анда балдарга карата алименттик милдеттенмелер кыймылсыз мүлккө (турак үй, батир, жер тилкеси ж.б.) же анын бир бөлүгүнө жеке менчик укугун алганга байланыштуу токтотулушу каралган.

Мыйзамда балдардын укуктарын коргоого багытталган башка дагы бир катар түзөтүүлөр камтылган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: