Жоомарт Оторбаев: “Азиз Батукаевди Кыргызстанга экстрадициялоону талап кылабыз”

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев: “Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевди Кыргызстанга экстрадициялоону талап кылабыз”,- деп билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда SUPER.KG порталына Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Толубай Жакишев маалымдады.
Анын айтымында, муну өкмөт башчы бүгүн №31-түзөтүү колониясына барганда журналисттерге айткан. “ЖАМК Азиз Батукаевди издөөгө жарыялоо боюнча демилгени көтөргөн. Ал эми аны экстрадициялоо боюнча Башкы прокуратура иштейт”,- деди Жакишев.
Эске салсак, 30-июнда "Азиз Батукаев Чеченстанда колго түшүрүлдү" деген маалымат чыккан. Бул маалыматты SUPER.KG порталына ИИМден тастыкташты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

