super.kg logo

21 миң долларга сатылып кеткен Караколдогу ат майданынын элге кайтарылуусу боюнча ишти Жогорку Сот эртең карайт

 

Бакиевдин тушунда 21 миң долларга сатылып кеткен Караколдогу ат майданынын элге кайтарылуусу боюнча ишти Жогорку Сот эртең карайт. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда “Камбар ата” ат сүйүүчүлөрүнүн ассоциациясынан кабарлашты.

Аталган ассоциациядан кабарлашкандай, сот бул күнү акыркы 5 жылдан бери чыгарылган сот чечимдерин жокко чыгарып, ат майдандын элдин пайдасына иштетилүүсүн камсыздап бериши керек. Эгер сот белгисиз мөөнөткө жылдырылса же адилетсиз чечим чыгарылса, бул жайдын жок болуп кетерин айтышып, активисттер Каракол элинин атынан Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашевага кайрылуу жасашты.  

Кайрылууда мамлекетке караштуу ат майданын сактап калуу үчүн адилет сот жүргүзүүнү суранышкан. “Мамлекеттин карамагындагы бул объект Айыл чарба министрлигинин буйругу менен менчиктештирилген. Өкмөттүн токтому жана Жогорку Кеңештин макулдугу жок эле сатылып, учурда талкаланып жаткан бул жайды сактап калалы” деп кошумчаланган кайрылуу катында. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: