super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков “мамлекеттик кызматкер ушундай болушу керек” деп “ата журтчу” Мыктыбек Абдылдаевди атады

 

Журналисттер менен жолугушкан спикер Асылбек Жээнбеков депутат Ахматбек Келдибековду эч ким түздөн-түз “коррупционер” деп атай электигин билдирди. Айтымында, өлкө жетекчилигинен кимдир бирөө Келдибековдун мисалында ачуу сөз айтса, анда “коррупционерлер мамлекеттик кызматта болбошу керек” деген мааниде айтып жатат.

“Акыры бирөө-жарым болуп жаткан ачуу чындыкты ачык айтышы керек да. Мамлекеттик кызматкер деген Радбек Ешмамбетовдой (Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчиси) же Мыктыбек Абдылдаевдей (парламент депутаты) болушу керек. Булар өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеп келишти. Мамкызматта иштегендерде мамлекет берген бир батир, өзү эптеп курган бир үй жана өтө кымбат эмес автоунаасы болот. Буларды эл үчүн кызмат кылды деп айта алабыз”,- деди парламент жетекчиси.

Айта кетсек, төрага бүгүн, 2-июлда парламенттин 2013-2014-жылдардагы ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: