super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстандагы ЖОЖдордо монополияга каршы күрөшүүнү жөнгө салуу багытында билим берген кафедралар ачылат

 

Кыргызстандагы Жогорку окуу жайларда монополияга каршы күрөшүүнү жөнгө салуу багытында билим берген кафедралар ачылат. Бул тууралуу Экономика министрлигинин атаандаштыкты өнүктүрүү департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, кафедрадан мыкты адистерди даярдап чыгаруу максатында студенттерге жогорку даражалуу окутуучулар сабак өтмөкчү. Ошондой эле студенттер практиканы монополияга каршы ведомстволорунда өтүү мүмкүнчүлүгү да каралган. “Бул демилге студенттерге гана эмес бизге да пайдасын алып келет, себеби жогорку билимдүү адистер даярдалып чыгат”,- дейт  Атаандаштыкты өнүктүрүү департаментинин директору Данил Ибраев. Азыркы учурда аталган сунуш өлкөдөгү жогорку окуу жайларына жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: