super.kg logo
  Саясат  

“Шералы хандын чокою” жыйынын уюштургандардын ишин Биринчи Май райондук сот карап жатат

 

Бүгүн, 2-июлда Бишкекте өткөн “Президентке Баткенден Шералы хандын чокою” аттуу жыйындын уюштуруучуларына КРнын Административдик кодексинин 371-беренеси (коомдук тартипти сактоо боюнча милдетти аткарып жаткан милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө) боюнча административдик иш козголду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына кармалгандардын бири Мавлян Аскарбеков билдирди.

Анын айтымында, административдик иш Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлдү. “Учурда бизди соттук отурумга алып бара жатышат. Анда өз укуктарыбызды жактоочуларсыз коргойбуз. Ал эми бизге кандай чара көрүлөрүн сот чечет”,- деди активист.

Эске салсак, бүгүн, 2-июлда Бишкектеги КРнын Маданият министрлигинин алдында “Президентке Баткенден келген Шералы хандын чокою” аттуу акция өткөн. Анын уюштуруучулары "аталган чокойду Ак үйгө алып барабыз" деп жөнөп баратышканда 50 чакты милиция кызматкери аларды токтотуп, Биринчи Май РИИБине алып кетишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: