Аламүдүн районундагы жол кырсыгынан 9 жашар өспүрүм жаракат алып, ооруканага жеткирилди
16-январда Аламүдүн районунда айдоочу 9 жаштагы өспүрүмдү сүзүп, жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБнын басма сөз кызматы билдирди. Окуя болжол менен таңкы саат 07:30да Лебединовка айылында болгон. 54 жаштагы Ивановка айылынын тургуну айдоочу Л.О., Победа - Чкалов көчөсүнүн кесилишинен Лебединовка айылынын тургуну 9 жаштагы З.Аны коюп кеткен. Окуядан аталган өспүрүмдүн бут сөөгү сынып, Бишкек шаарындагы № 3-балдар ооруканасына жеткирилди. Аталган иш боюнча учурда тергөө иши жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.