super.kg logo
  Саясат  

Мирослав Ниязов Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси болуп дайындалды

 

Мирослав Ниязов Кыргызстандын Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу 2-июлда президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койду.

Эске салсак, ушул жылдын 6-июнунда Жогорку Кеңештин тармактык комитети Мирослав Ниязовду Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси кылып дайындоого макулдук берген. Ал эми 30-июнда аталган кызматты аркалап келген Урмат Саралаев кызматынан бошотулган.

Мирослав Ниязов 1951-жылы 8-сентябрда туулган. 2005-2006-жылдары КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысы болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: